Ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

  • 3 недели мурун

Ички иштер министрлигине (ИИМ) Д.М. арыз менен кайрылып, алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын – 5 миллион 500 миң сомун ээлеп алган белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. 

Текшерүү учурунда белгисиз адамдар арыз ээсине телефон чалып, өздөрүн Бишкек шаарынын вице-мэри катары тааныштырып, андан соң “мэриянын кызматкери” делген адам менен байланышууну сунушташканы аныкталган. 

Кийинчерээк, кайрадан телефон чалуу учурунда, кылмышкерлер өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, жаранды адаштырып, анын банктык эсебинде турган акча каражаты террордук топту каржылоого которулганын билдиришкен. Каражаттардын сакталышын камсыздоо зарылдыгын айтып, алар арыз ээсин көрсөтүлгөн сумманы “коопсуз эсепке” деп аталган эсепке которууга көндүрүшкөн, андан кийин байланышты токтотушкан. Ошону менен ал жаранды 5 млн 500 миң сомго алдап кетишкени айтылды.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. 

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2001-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган А.у.И. жана А.у.Н. кармалды. Шектүүлөр камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда. 

Ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

Сүрөттөр: mvd.gov.kg
 

Ири алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

Сүрөттөр: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты