Ири алдамчылыкка шектүү кармалды

  • 8 месяцев мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ири алдамчылыкка шектүү жаранды кармады.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи май рйондук ички иштер башкармалыгына алдамчылык жол менен мүлкүн алдырып жиберген факты боюнча чара көрүү тууралуу арыз түшкөн. 2021-жылы арыз ээсине бир жаран унааны алмаштыруу сунушу менен кайрылган.  Бирок баасы 18 миң доллар турган “БМВ-Х6” маркасындагы анын унаасын алдамчылык менен ээлеп алган. Андан кийин машинаны башка кишилерге сатып жиберген.

Арыз ээси ал кишини эки жыл күтүп, анан укук коргоо органдарына кайрылган.

Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБи кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси, башкача айтканда алдамчылык боюнча кылмыш ишин козгогон.  

Иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү, мурда бир нече жолу соттолгон С.В. аттуу жаран кармалды.
Сот кармалган жарандын бөгөт чарасын карап, аны №1 тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.

“БМВ Х6” машинасы унаа токтотулуучу жайга коюлду.  

     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты