Иранда президенттикке талапкер каттоо беш күнгө созулат

  • 2 месяца мурун

30-майда Иранда президенттик кызматка талапкерлерди расмий каттоо башталды. Бул тууралуу «Фарда» радиосу («Азаттыктын» перс кызматы) кабарлады.

Талапкерлерди каттоо беш күнгө созулат. Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 28-июнга белгиленген.

Мамлекеттик IRNA агенттиги бүгүнкү күнгө карата болжол менен 25 киши талапкер болууга арыз бергенин, бирок алардын бири да кабыл алынбаганын жазды.

Талапкерлердин акыркы тизмесин Конституцияны коргоо кеңеши 11-июнда жарыялайт. Бул кеңештин мүчөлөрүн Ирандын руханий лидери Али Хаменеи дайындайт.

19-майда тик учак кырсыгында каза болгон өлкөнүн буга чейинки президенти Эбрахим Раиси 85 жаштагы Хаменеинин ыктымал мураскери деп айтылып келген. Иранда өлкөнү президент эмес, руханий лидер эсептелген улуу аятолла башкарат.

Катаал саясатчы катары таанылган 63 жаштагы Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал 1988-жылы Иран-Ирак согушунун соңунда миңдеген саясий туткунду жапырт өлүм жазасына тартууга катышкандыгы үчүн АКШнын санкциясына кабылган.

Сүрөт: EPA-EFE

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты