Тик учак кырсыгынан каза болгон Ирандын президенти Ибрахим Раисинин сөөгү табылды

  • 2 месяца мурун

Тик учак кырсыгынан каза тапкан Ирандын президенти Ибрахим Раисинин сөөгү табылды.

Ирандын президенти Раисинин каза тапкандыгы тууралуу Ирандын вице-президенти Мохсен Мансури билдирди. Ошондой эле Раисинин Х (сурдагы Твиттер) социалдык тармагында жазылды.

Mehr маалымат агенттиги билдиргендей, тик учактагылардын баары – президент Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян, Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати жана аятолла Мохаммед Али Але-Хашем каза тапты. Тик учакта бардыгы 8 адам болгон, анын ичинде президенттин коопсуздук кеңешинин кызматкерлери жана экипаж.

Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң барып конууга мажбур болгонун 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирген. Окуяны «кыйынчылык менен конуу» деп атаган министр куткаруучулардын ал жерге жетүүсү оор болуп жатканын белгилеген.

Президентти коштоп дагы эки тик учак жүргөнү, алар бара турган жерине аман жеткени маалымдалды.

Окуя Ирандын борбору Тегеран шаарынан 600 чакырым түндүк-батыш тараптагы, Азербайжан менен чек ара тилкесиндеги Чыгыш Азербайжан деп аталган провинциянын Жулфа шаарынын аймагында болду.

IRNA агенттигинин соңку маалыматына караганда, куткаруучу тик учак окуя болгон жерге барып, бирок калың тумандын айынан коно албай, кайра кайтты.

Раиси 19-май күнү эртең менен Азербайжанга барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен чогуу плотинанын ачылышына катышкан. Бул — эки өлкө Аракс дарыясына курган үчүнчү плотина.

63 жаштагы Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал 1988-жылы Иран-Ирак согушунун соңунда миңдеген саясий туткунду жапырт өлүм жазасына тартууга катышкандыгы үчүн АКШнын санкциясына кабылган. Раиси жогорку руханий лидер Али Хаменеинин жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү.

Ирандын мыйзамдары боюнча, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Курамына Ислам кеңешме ассамблеясынын төрагасы, сот бийлигинин башчысы жана биринчи вице-президент кирген кеңеш жаңы президентти шайлоону 50 күн ичинде уюштурушу зарыл. Азыр Ирандын биринчи вице-президенти кызматын 69 жаштагы Мохаммад Мохбер аркалоодо.

Сүрөттө: Ибрахим Раиси. AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты