Иранда кайрадан толкундоо. Аятолланы даңктап ырдоодон баш тарткан кыз ур-токмоктон көз жумду

  • 2 года мурун

Ирандагы мектепте жогорку лидер Али Хаменеини мактап ырдоодон баш тартканы үчүн күч кызматкерлери тарабынан сабалган 16 жаштагы Асра Панахи ооруканада каза тапкандан кийин жаңы нааразылык тутанды.

The Guardian билдиргендей, окуя 13-октябрда өлкөнүн түндүк-батышындагы Ардебиль шаарында болгон. Иран мугалимдеринин кесиптик ассоциациясынын координациялык кеңеши кабарлагандай, күч кызматкерлери ал күнү мектепке келишип, кыздардан иран лидерин даңктаган ырларды ырдоону талап кылышкан. Кыздар баш тартышканда аларды сабашкан, бир нечеси ооруканага жеткирилип, калганы камалган. 14-октябрда Панахи ооруканада көз жумган.

Басылманын бидиришинче, иран бийлиги окуя үчүн жоопкерчилик алган эмес. Асра Панахинин өлүмү өлкөдө жаңы толкундоолорду пайда кылды. Мындан соң өзүн анын «абасымын» деп тааныштырган киши мамлекеттик телеканалдардын эфиринде кыз жүрөк кемтигинен кайтыш болгонун билдирди.

Иранда 16-сентябрда хиджабды кийүү эрежесин бузду деп айыпталган студент Махса Амини убактылуу кармоочу жайда каза тапкандан кийин өкмөткө каршы акциялар тутанган.

Бийлик нааразылык акцияларын күч менен баскан. Өткөн аптада бийлик мектептерде рейддерди жүргүзгөн. Соцтармактарда тараган видеолордон полициячылар класстарга кирип барып, окуучу кыздарды кармап, күч менен машинелерге салып кетип жатканын, мындан тышкары мектеп имараттарын көздөн жаш агызуучу газ менен аткылашканын көрүүгө болот. Ирандын Мугалимдер кесиптик кошууну “катаал жана ырайымсыз” рейддерди айыптап, билим берүү министри Юсеф Нуринин отставкасын талап кылышты.

16 жаштагы Назнинин ата-энеси анын наразылыктарга катышуусуна тыюу салганын айтты.

“Мектепке жиберишкен жок, себеби ата-энем өмүрүм үчүн кооптонууда. Бирок эмне өзгөрдү? Режим окуучу кыздарды камап, өлтүрүүнү улантып жатат” деди ал.

Анын айтымында, өлкө боюнча жаштар кайрадан нааразылыкка чыгууну чечишти, ал да митингдерге катышууга ниеттенүүдө.

Iran Human Rights уюму билдиргендей, жалпы улуттук нааразылыктвр учурунда каза тапкандардын саны 215 адамга жетти, арасында 27 бала бар.

Сүрөт: ARP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты