Иранда үй жаныбарларын асыроого тыюу салынышы мүмкүн

  • 2 года мурун

Иран парламенти үй жаныбарларын асыроого тыюу салууну көздөгөн мыйзам долбоорун карап жатат.

Бул тууралуу Би-би-си кабарлады.

Документ кабыл алынса, үй жаныбарларын өкмөттүк комиссиянын атайын чечими менен гана асыроого уруксат берилет. Иранга кандай гана жаныбар болбосун, анын ичинде коен менен ташбакка алып киргендерге 800 доллар өлчөмүндө айып пул салынат. Иран бийлиги аларды чыгыш элдерине жат “батыш символу” деп эсептейт.

Иран ветеринарлар ассоциациясынын президенти Пайам Мохебидиндин айтымында, бул боюнча дебаттар он жыл мурун эле башталган. Ал кезде мыйзам долбоору кабыл алынган эмес, бирок кайра-кайра талкууланып турган. Иранда консервативдүү маанай күчөп тургандыктан мыйзам долбоору жакын арада кабыл алынышы мүмкүн.

Мыйзам долбоорунда ит менен мышык гана эмес, үй жаныбарларынын башка түрлөрүн да асыроого тыюу салуу каралган.

Исламда ит, мышык, коен багууга тыюу салынбайт. Дин өкүлдөрү иттин шилекейи менен жүнү арам экенин айтып, аны үйдө эмес, короодо кармоо керек деп эсептешет. Мусулмандар мышык Мухаммед пайгамбардын сүйүктүү жаныбары болгонун айтып келишет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты