Иранда 2022-жылы 582 киши өлүм жазасына тартылган

  • 1 год мурун

Иранда 2022-жылы  582  киши өлүм жазасына тартылды, алардын арасында 16 аял жана үч өспүрүм болгон.

Бул тууралуу Iran Human Rights менен Together Against the Death Penalty уюмдарынын биргелешкен баяндамасында айтылат.

Документтин авторлору баяндагандай, 511 адам өкүмдөрү ачык жарыяланбастан өлүм жазасына тартылган. Иран бийлиги өлүм жазасына тартылган 71 киши жөнүндө гана расмий кабарлаган.

Өлүм жазасына тартылган 288 киши адам өлтүрүүгө айыпталган, бул акыркы 15 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Ошол эле учурда 256 адам маңзат иши боюнча өлүм жазасына тартылган, 2021-жылы бул көрсөткүч 126ны түзгөн.

Баяндаманын авторлору «Кудайга каршы согушкан» деген айып менен 15 өкүм чыгарылганын кабарлашты. Бул айып менен Ирандагы нааразылык акцияларынын эки катышуучусу жана бир күрт саясий туткуну өлүм жазасына тартылган.

Укук коргоочулар расмий Тегеран өз бийлигин сактап калуу үчүн өлүм жазасын коркутуу жана репрессия каражаты катары колдонуп жатканын белгилешет.

Укук коргоочулар 2023-жылдын үч жарым айында эле Иранда 151 киши өлүм жазасына тартылганын да кошумчалашкан.

Былтыр сентябрда студент кыз Махса Амини хиджаб кийүү эрежесин бузган деп камалып, жабык жайда көз жумгандан кийин Иранда митингдер тутанган. Эл аралык уюмдардын эсебинде демонстрациялар күч менен басылганда 500гө жакын адам набыт болгон. 60тан ашуун коопсуздук кызматкери көз жумган.

Нааразылыкка чыккан миңдеген активисттер камакка алынып, айрымдары өлүм жазасына тартылды. Тегеран өкмөткө каршылык маанайынын артында Батыш турат деп эсептейт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты