Иран Орусияга учкучсуз учуучу аппараттарды бергенин мойнуна алды

  • 1 год мурун

Иран Орусияга учкучсуз учуусу «Шахед» аппараттарын бергенин мойнуна алып, бирок алар Украинадагы согуш башталганга чейин эле жеткирилгенин билдирди.

Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Абдоллахияндын айтымында, Орусияга дрондордун «көп эмес сандагы партиясы» Украинадагы согуш башталгандан бир нече ай мурда эле берилген.

«Эгер Орусия иран дрондорун Украинадагы согушта колдонгону аныкталса, анда биз бул маселеде кайдыгер калбайбыз. Украина боюнча биздин позициябыз – согушту токтотуу, тараптардын сүйлөшүүлөрдү жандантышы жана качкындардын үйлөрүнө кайтуусу. Иран бул боюнча президенттин жана тышкы иштер министринин деңгээлинде көптөгөн аракеттерди сунуштаган» деди Абдоллахиян.

Ал ошондой эле Иран Орусияга кошумча курал-жарак берүүгө даярданып жатканы тууралуу батыш басылмалары жарыялаган маалыматтарды да четке какты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-ноябрдагы кайрылуусунда Иран министринин айткандары «жалган» экенин билдирди.

«Украин аскерлери күн сайын ондон кем эмес иран дрондорун атып түшүрүүдө. Орусиялык террорчуларга аларды башкарууну Ирандын инструкторлору үйрөткөнүн так билебиз. Тегеран болсо бул боюнча үн каткан жок. Дүйнө коомчулугу иран-орус кызматташтыгынын бетин ачууга мындан ары да аракет кыла берет жана «террористтерге жардам бергендер жазасыз калбайт» деди Зеленский.

Киев Москваны Украинадагы жарандык объектилерге чабуул коюуда иран дрондорун колдонуп жатат деп айыптап келет. Украин тарап өз аймагында иран өндүрүшүндөгү 300 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн билдирүүдө. Дрондордун сүрөтүн интернетке украин аскер кызматкерлери да, жөнөкөй жарандар да жарыялап жатат. Орусия дрондор менен чабуулду 2022-жылы күзүндө гана баштаган.

Москва иран курал-жарагын колдонуп жатканы тууралуу айыптоолорду расмий түрдө четке кагууда.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты