Иракта сулуулук салонунда иштеген Кыргызстандын жараны кармалды. ТИМ Мекенге кайтаруу аракетинде
- 1 месяц мурун
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Иракта сулуулук салондорунун биринде Кыргызстандын жараны кармалганы тууралуу маалыматты тастыктап, билдирүү таратты.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ирак Республикасынын аймагындагы сулуулук салондорунун биринде эмгектенген, 1987-жылдын 26-декабрында туулган Кыргыз Республикасынын жараны Д.А.Б. кармалганы тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматка билдирүү таратты.
«Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги тиешелүү тараптар жана кармалган жарандын туугандары менен тыгыз байланышта. Азыркы учурда аталган жарандын мекенине кайтаруу маселеси иштелип чыгууда. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча сунуштарды кароодо мүмкүн болушунча этият жана сак болууга чакырат» деп айтылат маалыматта.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




