Иракта кагылышуулар маалында 20дан ашык киши каза болду

  • 2 года мурун

Багдадда шийит имамы Муктад ас-Садрдын тарапташтары менен укук коргоо органдарынын ортосундагы кагылышууда 20дан ашык киши каза болду. Бул тууралуу Al Hadath жана Al Jazeera кабарлады.

Буга чейин Al Arabiya телеканалы менен Associated Press агенттиги кагылышууда 15 киши каза болгонун билдиришкен.

«Бери дегенде эле 15 демонстрант өлтүрүлдү. Ок атуудан, көздөн жаш агызчу газдан жана кагылышуулардан улам ондогон киши жаракат алды» деп жазган Associated Press.

Медиктердин маалыматына караганда, акцияга чыккан он киши октон каза болгон. Al Arabiya өлгөндөрдүн арасында эки ирак аскер кызматкери бар экенин кабарлады. Al Hadath ок атуудан жана көздөн жаш агызчу газдан жалпысынан 350 киши жараат алганын билдирди.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш басма сөз катчысы Стефан Дюжарик аркылуу Ирактагы окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

«Ал өзгөчө курмандыктар тууралуу билдирүүлөргө камтама болууда. Тараптарды тынчтыкка жана сабырдуулукка үндөп, абалды турукташтыруу жана зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн токтоосуз чараларды көрүүгө чакырат», – деп жазылган билдирүүдө.

Ирактагы нааразылыктар таасирдүү шийит имамы Муктад ас-Садр саясий ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин кабыл алганын жарыялагандан кийин курчуп кетти. Ал бул чечимин өлкөдөгү саясий кырдаал туңгуюкка кептелгени менен түшүндүргөн.

Көп өтпөй Муктад ас-Садрдын тарапташтары Багдаддагы өкмөттүк имараттар жайгашкан Республика сарайына чабуул жасап, кирип барышкан. Алар премьер-министрлик кызматка «Координациялык түзүм» блогунан Мухаммед ас-Суданинин талапкер болуусуна каршылык билдирүүдө. Бул окуялардан кийин Ирактын бийлиги өлкөнүн бардык аймагында коменданттык саат жарыялады.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты