Багдадда имам ас-Садрдын тарапташтары өкмөт имаратына чабуул жасашты
- 2 года мурун
Иракта таасирдүү шийит имамы Муктад ас-Садрдын тарапкерлери дүйшөмбүдө Багдадда өкмөттүк имараттар жайгашкан кайтаруудагы «Жашыл зонага» чабуул менен кирип барышты. Бул тууралуу эл аралык маалымат агенттиктери кабарлады.
Көчө кагылышууларынан кесепетинен кеминде эки адам каза тапканы маалымдалды. Ондогон киши жаракат алды. Багдадда коменданттык саат жарыяланды.
Июнда Садырдын тарапташтары парламентке бойкот жарыялагандан бери Иракта саясий каатчылык уланып жатат.
Муктад ас-Садр жетектеген “Садрчылар кыймылы” былтыр октябрдагы шайлоодо биринчи орунду алып, Ирактын 329 орундуу парламентинде 74 мандатка ээ болгон. Коңшу Ирандын бийлиги менен байланышкан башка партиялар аз мандат алышкан. Садр өз алдынча башкаруучу коалиция түзө албай койгондон кийин депутаттарын чакыртып алган.
Садр мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырып, тарапташтары бир нече аптадан бери көчө акцияларына чыгып жатышат.
Сүрөт: AFP.