Ипотекалык компания Бишкекте 18 кабат, 476 батирлүү үйдү пайдаланууга берди

  • 4 недели мурун

Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде, Бишкек шаарынын Кубанычбек Маликов атындагы көчөдө мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комлексинин жаңы блокторунун ачылыш аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

«Өткөн жылдын аягында аталган комплекстин биринчи этабында биз 510 батирди муктаж болгондорго тапшырган элек. Турак жай комплекси 2026-жылдын соңунда толугу менен бүткөрүлүп берилет» деди Жапаров.

Бул этапта 476 батирлүү 18 кабат үй курулду. Жалпысынан турак жай комплекси 18 жана 24 кабаттан турган отуз тогуз блокту камтыйт.

Кезекке туруп, батир алып жаткандардын катарында жаш үй-бүлөлөр, мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, күч органдарынын кызматкерлери жана чет жерде иштеп жүргөн мекендештерибиз бар.

Сүрөт: president.kg

Ипотекалык компания Бишкекте 18 кабат, 476 батирлүү үйдү пайдаланууга берди
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты