Инвесторлорду адаштырууга шектелүүдө. «Оргтехстрой» башкы директору кармалды

  • 3 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн «Оргтехстрой» ачык акционердик коомунун башкы директору И.К.М. кармалды.

УКМК басма сөз кызматынын маалыматында И.К.М. «Оргтехстройдун» негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси болуп туруп, инвесторлорду атайылап адаштырганы айтылат.

“Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн каржылык каражаттар жетишсиз экенин билип туруп, ал компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүү менен инвестиция тарткан, бирок бул активдер буга чейин эле үчүнчү жактарга сатылып кеткен. «Кош сатуу» деп аталган бул схема Кыргыз Республикасынын жарандарына олуттуу материалдык зыян келтирген” деп айтылат маалыматта.

Кылмыш ишин козгоого жабыркаган жарандардын көптөгөн жамааттык кайрылуулары негиз болгон. Шектүүгө мурда эл аралык издөө жарыяланган.

2026-жылдын 24-мартында УКМК кызматкерлери тарабынан И.К.М. кармалды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Тергөө иштери улантылууда.

Буга чейин «Оргтехстрой» ачык акционердик коомунун директору И.К.М. чет өлкөдөн келгенде, кармала турганын билсе дагы, иштин жагдайын толук айтып берүү үчүн Кыргызстанга кайттарын социалдык тармактар аркылуу билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты