Инвестициялык долбоорлордун тизмеси бекитилди

  • 4 недели мурун

Министрлер Кабинетинин жыйынында келечектүү инвестициялык долбоорлордун тизмеси бекитилди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.

Келечектүү инвестициялык долбоорлордун катарына “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун, Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу жана Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү, “Асман” шаарын куруу, регионалдык жолдорду куруу жана аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу кирет, анын ичинде ар бир айылга чейин жолдор асфальттанат, Бедел ашуусу аркылуу трансчегаралык эл аралык автожолду куруу, Куланак жана Казарман ГЭСтери, “Кыргыз Куршевели” туристтик комплексин куруу жана башка масштабдуу тоо кен кластерлери жана ирригациялык долбоорлору бар.

Президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев белгилегендей, бул тизмеге энергетика тармагындагы 6 долбоор, туруктуу шаарларды жана айылдарды түзүү боюнча 9 долбоор, өнөр жайдын дараметин күчөтүү үчүн 3 долбоор, транспорт жана логистика багытында 11 долбоор, туризм багытында 3 долбоор, кен  байлыктарды өздөштүрүү боюнча 2 долбоор, ирригация багытында 10 долбоор кирет. Бул тизме мындан ары дагы башка маанилүү долбоорлор менен толукталмакчы.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты