Инвестиция боюнча улуттук агенттик “Манас” академиясын көчөгө чыгарып жатат. Депутат маселе көтөрдү
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 16-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Инвестициялар боюнча улуттук агенттик “Манас” академиясын имараттан чыгарып жатканын билдирди.
-Биздин улутубуздун өзөгү болгон бул “Манас”. “Манас” улуттук академиясы деген бар. Бул академия бир топ эпосту изилдеп, жайылтып келе жаткан бирден-бир илимий жана маданий борбор. Бүгүнкү күндө “Манас” академиясын көчөгө чыгаруу иши жүрүп жатат. Эки бөлмөгө эптеп иштеп жатышкан жеринен Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жайгашып, ошол агенттик “Манас” академиясын чыгарып жатат. Ушуга көңүл бурулуш керек. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик канча инвестиция тартты, ошол боюнча бир аз маалымат да алсак жакшы болот эле. “Манас” академиясы бул убакка чейин “Манастын” үчилтигин, том-том кылып китебин чыгарып, “Манас” боюнча изилдөөлөрдү өткөрүп, биздин руханий мурастарды бир топ жайылтып келе жатса, биз аны кайра тебелеп-тепсеп, “Манасты” эшикке чыгарып койсок, анда өтө осол болот, -деди депутат Мирлан Самыйкожо.
Сүрөттө: Депутат Мирлан Самыйкожо. kenesh.kg
