Интимдик кызмат көрсөткөн Интернет топтордун уюштуруучулары кармалды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттарды таратууга жана интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюунун алкагында, жогорку кызматтагы аткаминерлерге, бардар жарандарга, ишкерлерге эскорт жана интимдик кызмат көрсөтүү фактылары аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

20-февралда кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (Сойкулукка жана  ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Интернациональное айылынын аймагында  мессенджерлер аркылуу интим жана эскорт кызматтарын көрсөткөн “Whatsapp” жана “Telegram” мессенджерлеринин чат администраторлору кармалды.

Аталган интернет чаттарында “Instagram” жана “Tik Tok” социалдык түйүндөрүндө популярдуу болгон 18 жаштан 25 жашка чейинки 15ке жакын модель кыздар жана 300-5000 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай акыга интимдик кызмат көрсөткөн сулуулар сынагынын катышуучулары тартылган. Жогоруда аталган администраторлор кыздарды коңшу өлкөлөргө: Алматы, Дубай , Анкара жана Стамбул шаарларына  интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн  жиберип турушкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында А.О.В жана Р.О.Ю.  аттуу КР жарандары кармалып, алар Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары Бишкек шаарындагы отелдерде эскорт кызматкерлери Б.С.В., Ю.М.И. өздөрүнүн У.Ш.И. жана Ю.И.В. аттуу кардарлары менен кармалды.

Интимдик кызмат көрсөткөн Интернет топтордун уюштуруучулары кармалды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты