Президент интернетте жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду

  • 2 месяца мурун

Өлкө башчы Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК), интернет тармагындагы сайттарда жана баракчаларда жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчилик каралып, бул жосундар үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Мыйзамдын максаты жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп саналары айтылды.

«Ошондой эле, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлөт, ал эми соттор аларды карайт»,- деп айтылат маалыматта.

Мыйзам 2024-жылдын 19-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты