Интернетте  балдарды коргоо боюнча иш-чара уюштурулат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 31-майда, Бишкекте «Балдарды интернетте коргоо жана колдоо» аттуу онлайн-иш-чара өтөт.

Аны Кыргыз Интернет коому жана «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду уюштурууда.

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштуруп жаткан форумда адистер интернет айдыңында балдар кандай коркунучтарга же терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүндүгү тууралуу баяндама жасайт.

Форумда жеке маалыматтарды кантип коргоо керек, мындай учурга туш болгон балдардын психологиялык абалы жана аларга жардам берүү, реалдуу жана виртуалдык байланыштын теңсалмагын кантип сактаса болот деген сыяктуу маалыматтарды айтып беришет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты