Интернет-дүкөн аркылуу баңгизат сатууга шектелип, экс-прокурордун жардамчысы кармалды
- 1 год мурун
- Видео
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган, борбордун райондорунун биринин прокурорунун мурдагы жардамчысы М.у. Н. кармалды. Анын жанынан баңгизаттар, прокурордун жардамчысынын күбөлүгү, банктык карталар жана уюлдук телефондор табылган.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Telegram мессенжери аркылуу элиталык марихуана сортторун сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгү токтотулду.
Шектүүнүн жашаган жерин тинтүүдө ири өлчөмдөгү марихуана, кара куурай менен спирттүү тундурмалар, ошондой эле өсүмдүктөрдү өстүрүүгө арналган жабдуулар — фито-нарколаборатория (гроутент, лампа, термометр ж.б.) табылып, алынды.
Мыйзамсыз ишмердүүлүккө каражаттар электрондук төлөм системалары аркылуу, үчүнчү жактардын атына катталган аккаунттар аркылуу түшүп турганы аныкталды.
Сүрөттө: Шектүү, ИИМ басма сөз кызматы




