Тыюу салынган интернет-контентти таратууга шектелген жаран кармалды

  • 4 недели мурун

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Ички иштер органдарына Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде интернет аркылуу тыюу салынган мүнөздөгү материалдарды таратуу менен байланышкан мыйзамсыз иш жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2006-жылы туулган С.К. аттуу жаран кармалды. Тинтүү учурунда техника жана башка буюмдар алынды.

Тыюу салынган интернет-контентти таратууга шектелген жаран кармалды

Баш сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты