Инстаграмда эс алуу үйлөрүн ижарага берген homeforest.kg баракчасы — шылуундардыкы. Фактчекинг
- 1 месяц мурун
- Фактчекинг
Инстаграм соцтармагынын колдонуучулары homeforest.kg баракчасындагылар шылуундук менен алектенерин айтышууда. Аталган баракча эс алуу үйлөрүн суткасына ижарага берүүнү жарнамалайт. Эс алуу үйлөрүнүн баасы алардын түрүнө жараша бир түнгө 6 800 сомдон 10 миң сомго чейин деп көрсөтүлгөн. “Политклиника” медиасы бул баракчаны текшерип көрдү.
homeforest.kg баракчасы 2023-жылы апрелде ачылган. Аталышы 5 ирет өзгөргөн. Баракчанын 18 миң 600 катталуучусу бар, анда 25 сүрөт жана видео жүктөлгөн. Комментарий бөлүмү жабык. Баракчада күн сайын тарыхча (сторис) чыгып турат. Тарыхчага ижаранын акысы, үйлөр кайсы күндөрү бош болору тууралуу маалыматтар жана жарнама сүрөт-видеолор жүктөлүп турат.
Баракчадагы сүрөт-видеолор уурдалган
homeforest.kg баракчасындагы сүрөт жана видеолор казакстандык shanti_kz деп аталган баракчадан уурдалганы белгилүү болду. shanti_kz баракчасы 2020-жылы декабрда ачылган, аталышы бир ирет өзгөргөн. Ал эми ушул жылдын ноябрь айында баракчанын аныктыгы Инстаграм тарабынан ырасталып, “көк белги-”галочкага” ээ болгон.
Баракча атайын эс алууга арналган үйлөрдү ижарага берүү кызматын көрсөтөт жана аларды жарнамалайт. Бул баракчадан аталган эс алуу үйлөрү Казакстандын Уральск шаарында жайгашканын таптык. Демек homeforest.kg баракчасындагы үйлөр Кыргызстанда жайгашкан эмес.
Мындан сырткары homeforest.kg жогоруда аталган баракчадан сүрөт-видео гана эмес, алардын алдындагы жазууларды, ошондой эле башкы беттеги жазууларды да көчүрүп алышкан.
Фейк баракчанын жасалгасы чыныгы баракчаныкына окшош жасалган:
Фейк баракчадагы сүрөт- виделор чыныгы баракчадан уурдалган:
shanti_kz баракчасы бул сүрөттү 2023-жылы 11-июнда киргизген. Ал эми homeforest.kg аны быйыл 18-октябрда жүктөгөн.
Бул видеону shanti_kz баракчасы 9-ноябрда жүктөгөн, ал эми homeforest.kg 15-ноябрда чыгарган.
Сүрөт-видеолордун алдындагы жазуулар да уурдалган, бирок айрым пункттарда кардар үчүн жагымдуу болгон сунуштар кошумчаланган жана баалар кыргыз сомуна өзгөртүлгөн:
Фейк баракча чыныгы баракчада чыгып турган тарыхчаларды ошол замат өзүнө жүктөп турат. Мисалы, төмөндөгү бул тарыхчаны оригинал баракча — shanti_kz 12 саат мурда жүктөгөн. Ал эми homeforest.kg аны көчүрүп алып, 9 саат мурун чыгарган.
Колдонуучулардын билдирүүлөрү
23-ноябрда Инстаграмдагы aferist_kg_ баракчасына “homeforest.kg — шылуундар” деген пост жарыяланган. Анда белгисиз колдонуучу бул баракчадан анын таанышы жапа чегип калганын жазган. Колдонуучунун айтымында, бул баракчанын артына жашынган шылуундар эс алуу үйү үчүн төлөмдү алдын ала алып, жалган даректи берип, андан кийин кардарды кара тизмеге салып, жоголуп кетишкен.
homeforest.kg баракчасында көрсөтүлгөн номерди Getcontact аркылуу текшергенде бир нече колдонуучулар аталган номердин алдына “Бул — шылуун” деп билдирүү калтырышкан.
Мындай шылуундар Казакстанда да пайда болгон
Оригинал shanti_kz баракчасы ар дайым алардын сүрөт-видеолорун уурдап алып, шылуундук кылып, адамдарды алдап жүргөн баракчалар тууралуу пост жазып, тарыхчаларды жарыялап турат. Мисалы аталган баракча 2frame_astana деп аталган фейк аккаунт тууралуу минтип жазган: “Көңүл бургула, шылуундар! 2frame_astana, алар биздин баракчабызды толугу менен көчүрүп алып, жок үйлөрдү ижарага беришет, бизге көп сандагы алданып калгандар жазып жатышат, бирок биз аларга Инстаграмга арыз жазгандан башка эч кандай жардам бере албайбыз”.
Мындан тышкары Инстаграмдан ушул эле шылуундук менен алектенген forest_house_kz жана 3dream_house деп аталган эки казакстандык баракчаны таптык.
Бул баракчалар да shanti_kz баракчасынан уурдалган сүрөт-видеолорду колдонушат.
Үйлөрдү ижарага берүү үчүн алдын ала 50%дык төлөм сурашат
Биз homeforest.kg баракчасында көрсөтүлгөн номер аркылуу ватсапта байланышып көргөнүбүздө, алар үйдүн ижарасынын 50%ын алдын ала төлөшүбуз керек экендигин айтышты.
Ошондой эле эс алуу үйлөрүнүн дарегин сураганыбызда, Чүй облусунун, Фрунзе айылындагы турак үйдүн дарегин беришти. Ал даректи Google Earth аркылуу карап, ал жерде эс алуу зонасы жайгашпагандыгын жана турак үйлөр орун алгандыгын билдик.
Жыйынтык: Инстаграм соцтармагында эс алуу үйлөрүн ижарага берүүнү жарнамалаган homeforest.kg баракчасы — шылуундар. Шылуундардан сак болуңуз!
Сүрөт: shanti_kz