Инклюзивдик билим берүү форуму: тажрыйба алмашуу жана инновациялар

  • 11 месяцев мурун

Эртең, 12-майда, Бишкекте «Биздин мектеп» долбоорунун алкагында уюшулган ар жылы өтүүчү инклюзивдик билим берүүнүн экинчи форуму болуп өтмөкчү.
Форум Билим берүү жана илим министрлиги жана Борбор Азиянын Евразия фонду тарабынан «Сорос-Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.
. Форум баалуу идеяларды талкулоо үчүн арналган инновациялык аянтча – TEDx форматында «Парк отелде» өтөт.
Форумда тажрыйбалуу мугалимдер жана эксперттер педагогикалык жана башкаруучу усулдары туурасында маалымат менен бөлүшүп, билим берүү жаатындагы инклюзивдик билим берүүгө байланышкан инновацияларды талкууга алышмакчы.
Форумга панелдик талкуулар камтылып, анда мектептердин инклюзивдик режимге өтүүсүнүн чет өлкөлүк жана ата-мекендик сыналган моделдери тартууланмакчы.

Спикерлер ошондой эле атайы билим берүү шарттарын түзүү, педагогикалык жамааттагы иштерди макулдашуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мектепке чейинки курактагы балдардын мектепке кирүүсүн камсыздоо маселелерине байланышкан суроолорго жооп беришет.

TEDx иш-чарасы ошондой эле өзүн көрсөтүүдө жана жеке тажрыйбасы менен бөлүшүүдө уникалдуу мүмкүнчүлүк берип келет.

Форумдун экинчи бөлүгүндө Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун сынактык мектептеринин 7 тайпасы үчүн интеллектуалдык викторина өткөрүлмөкчү. Мыкты катышуучулар диплом жана эстелик байгелер менен сыйланат.

Иш-чаранын жүрүшүндө сынактык мектептердин окуучуларынын көргөзмөсү өтүп, биргелешкен флешмоб уюштурулмакчы.
КРдагы инклюзивдик билим берүү форуму – бул мугалимдер жана эксперттер үчүн жеткиликтүү билим берүү жаатында тажрыйба алмашып, идеялар менен бөлүшүүсү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты