Индонезияда стадиондогу тополоңдо мерт болгондордун саны 174кө жетти

  • 2 года мурун

Индонезияда Ява аралындагы футболдук беттеш учурунда чыккан башаламандыкта бери дегенде 174 киши каза болгонун жергиликтүү полиция билдирди.

Дагы 11 кишинин жарааты оор экени айтылды. Түрдүү жараат алгандардын айрымдары ооруканада. Буга чейин 180 киши жараат алганы кабарланган.

Индонезиянын Arema жана Persebaya Surabaya футбол командаларынын беттеши 1-октябрда Маланг шаарындагы Канжурухан стадионунда өткөн. Arema 2:3 эсебинде утулганына нааразы болгон күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыккан жана тыгында көбү тебеленип калган.

Полициянын тополоңду токтотуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгону абалды ого бетер курчутуп жиберген. Каза болгондордун арасында аялдар жана балдар, ошондой эле эки полиция кызматкери бар.

Индонезиянын футбол лигасы бир жумага ишин токтотту. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Бул дүйнөдөгү адам курмандыктары эң көп катталган кырсыктардын бири болуп калды. 1996-жылы Гватемала шаарында өткөн Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо турунда Гватемала менен Коста-Риканын ортосундагы беттеш учурунда 80ден ашуун адам каза болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган.

Сүрөт:Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты