Түркияда мейманканадагы өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны 76га жетти
- 2 месяца мурун
Түркиянын Болу провинциясынын Карталкая тоо лыжа курортунын мейманканасында чыккан өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны 76 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Али Ерликая ЖМКга билдирди.
Мурда маалымдалгандай, өрт учурунда 51 киши жабыркады.
Өрт түнкү саат 03:30да мейманкананын ресторан тарабынан чыккан. Мейманкана 2200 метр бийикте жайгашкан. Жалын чыга баштаганда, мейманканада иштегендер анда жаткандарды эвакуация кыла баштаган. Өрттү көргөндөр 12 кабат мейманканадагы айрым адамдар шейшептерди байлаштырып терезеден түшө баштагандыгын айтышкан.
Өрт өчүрүүчүлөр чакырык болгондон 40-45 мүнөттөн кийин келген. Мейманкананын жыгач конструкцияларын тез эле жалын чулгаган. Өрттү өчүрүүгө 156 унаа, 428 киши катышкан. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү саат 04:15тен баштап өчүрүүгө киришкен.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өрттүн кесепетинен каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жабыркагандардын тезинен сакайып кетишин билдирди.
TRT Haber маалыматы боюнча, Түркиянын Болу провинциясынын Карталкая лыжа базасындагы мейманканада өрт чыкты. 12 кабат мейманканада белгисиз себептерден улам өрт чыгып, ал тез эле тутанып кеткен. Өрттүн кесепетинен мейманканадагылар эвакуацияланган. Бул иш боюнча өлкөнүн башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, териштирүү иштери жүрүүдө.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мейманканадагы өрткө байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты.
Сүрөт: ZombiliceTR