Имараттардын сейсмологиялык туруктуулугун текшерүү боюнча комиссия түзүлдү

  • 12 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин тескемеси менен курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлдү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссияга үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп кабаттуу курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун текшерүү жана анын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетине маалымат берүү тапшырылды.

Мындай чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты