Илон Маск кишилерге Neuralink нейрочибин сынай баштайт

  • 7 месяцев мурун

Миллиардер Илон Маскка таандык америкалык Neuralink компаниясы ушундай эле аталыштагы дарылоо аппаратын сыноо үчүн ыктыярчыларды кабыл ала баштады.

Neuralink – бул түздөн-түз мээге орнотулган микрочип. Изилдөөгө жаракаттан же неврологиялык оорудан улам шал болгон адамдар катыша алат. Эгерде сыноолор ийгиликтүү өтсө, алар кайра кыймылдашы мүмкүн.

Neuralink микрокомпьютеринин көлөмү болжол менен тыйындай. Анда 3000ден ашык электрод бар, мээге ар бири адамдын чачынан 10 эсе ичке зымдар менен байланышат жана миңдей нейронду башкара алат.

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармектерди көзөмөлдөө агенттиги (FDA) май айында Neuralink сыноосун жактырган. Программага толугу менен шал болуп калган ыктыярчылар чакырылат. Аларга микрокомпьютер орнотулгандан кийин, алты жыл көзөмөлдө болот. Андан кийин гана технологиянын натыйжалуулугу жана коопсуздугу жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүн. Эгер ийгиликтүү болсо, технология жапырт колдонууга берилет.

Буга чейин Масктын компаниясы чочко жана маймылдардын мээсине Neuralink микрочибин жайгаштырып, анын натыйжаларын көрсөткөн. Чочкодо чип буттун кыймылына жооп берген нервдерди башкарган, маймылга «ойлонуу менен» видео оюндарды ойноого жол ачкан.

Илон Маск өзү нейрочиптердин келечеги кең деп эсептейт. Анын пикиринде, ушундай жол менен азизликтен, ичкиликке көз карандылыкка чейинки көптөгөн дарттарды айыктыруу мүмкүн болот.

Программаны сындагандар мээдеги бөтөн зат инфекция жана сезгенүү коркунучун алып келиши мүмкүн экенин айтышат.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты