Илим, жогорку билим берүү министринин эки орун басары кызматтан бошотулду
- 1 месяц мурун
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басарлары Чотонов Айбек Өзүбекович жана Өмүров Нурлан Кубатович кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.
Сүрөттө: Айбек Чотонов жана Нурлан Өмүров. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү




