Иликтөөчү журналист Сайпидин Султаналиев жол кырсыгына кабылды

  • 6 месяцев мурун

Белгилүү иликтөөчү журналист, «Арча Медиа» кызматкери (Next.tv), «Соболум бар» автордук программасынын алып баруучусу Сайпидин Султаналиев жол кырсыгына кабылып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Арча Медиа» редакциясы маалымдады.

Иликтөөчү журналист Сайпидин Султаналиев 17-октябрда саат 17:30 дарда Бишкек шаарынын Садырбаев көчөсүндө мотоскутерде келе жатканда капысынан аны кууп өткөн кара жеңил машина түртүп кеткен. Анын айынан журналист мотоскутерден кулап калган. Ал эми аны түртүп кеткен айдоочу токтобой качып кеткен. Журналистке жолдо бараткандар жардамге келип, милиция чакыргаан.  

Султаналиевдин ийин сөөгү сынып, денесинин ар кайсы жери көгөрүп, шишиген.    

“Арча Медиа” редакциясы алдын-ала  кырсыкка саясий бое сүртүүдөн алыс экенин билдирди. Ошентсе да кийинки кезде Сайпидин Султаналиев курч берүүлөрдү даярдап, иликтөөлөрдү даярдап жүргөндүгүн белгиледи. Ошол себептүү журналисттин жол кырсыгына кабылышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө жана редакциянын ишине байланыштуу болушу ыктымал экендигин да кошумчалайт. “Арча Медиа” редакциясы бул кырсыкты объективдүү иликтөө сунушу менен укук коргоо органдарына кайрылды.  

  

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты