Иликтөөчүлөр Украинада 42 миңден ашуун орус аскери каза тапканын аныкташты

  • 3 месяца мурун

19-январга карата Украинадагы согушта курман болгон орусиялык 42 284 жоокердин аты-жөнү белгилүү болду. Жоготууларды «Медиазона» жана «БиБиСинин» орус кызматы ыктыярчылар менен бирге эсептеп чыгышкан.

12-январдан бери тизмеге дагы 500дөн ашык адам кошулду.

Журналисттер түрмөдөн согушка жөнөтүлгөн кишилердин арасынан 7 810у каза тапканы маалым. Мобилизациялангандардын ичинен 5089 адам каза болгон.

19-январга карата орус армиясынын жана башка күч түзүмдөрүнүн үч миңден ашуун офицеринин каза тапканы тастыкталды. Алардын 349у подполковник жана андан жогорку наамдардын ээлери болгон.

Каза тапкандардын көбү — Свердлов, Челябинск, Ростов облустарынын жана Бурятиянын жашоочулары.

Иликтөөчүлөр ачык булактардан – жергиликтүү акимчиликтер, медиа жана каза болгондордун жакындары жарыялаган маалыматтарды алып, эсептеп чыгышкан. Басылма мындай жол менен алынган сан жоготуулардын реалдуу деңгээлин чагылдырбай турганын белгилейт.

Москва менен Киев Украинадагы согушта өздөрүнүн эмес, бири-биринин жоготуулары тууралуу гана айтып келишет. Бул жагынан алганда «Би-Би-Си» жана «Медиазона» басылмаларынын иликтөөсү каза болгондордун санын аныктоодо өтө маанилүү эмгек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты