Илхам Алиев кезексиз президенттик шайлоодо башкаруучу партиянын атынан талапкер болот

  • 5 месяцев мурун

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоодо бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясынын атынан азыркы мамлекет башчысы Илхам Алиев талапкер болот. Бул тууралуу партия лидеринин орун басары Таир Будагов билдирди.

«2024-жылы 7-февралга белгиленген кезексиз президенттик шайлоодо «Жаңы Азербайжан» партиясынан Илхам Алиев талапкер болот. Партия мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу иш-чаралардын планын иштеп чыгат. Партия курултайынын убактысы жакынкы күндөрү жарыяланат» деди Будагов.

«АПА» агенттиги маалымдагандай, Будагов ошондой эле «көптөгөн жылдардан бери Карабакты ким бошотсо, ошол Азербайжандын түбөлүк президенти болот» деп айтылып келгенин белгиледи. 

«Илхам Алиев 20 жылдык саясаты, азери элине кылган кызматы жана оккупацияланган аймактарды бошоткону менен бул кызматка татыктуу деп ойлойм. Азербайжандын ар бир патриоту ушундай пикирде. Партиянын курултайында да ар бир адам өз пикирин айтат» деген Будагов.

2024-жылы 7-февралда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү чечими тууралуу Илхам Алиев 7-декабрда билдирген. Мыйзамдарга ылайык, Азербайжанда кезектеги шайлоо 2025-жылы өтүшү керек болчу.

Азербайжанда президент жети жылдык мөөнөткө шайланат, бул өзгөртүү Конституцияга 2016-жылдагы референдумда киргизилген. Буга чейин президент беш жылдык мөөнөткө шайланчу.

Азербайжанда акыркы президенттик шайлоо 2018-жылдын 11-апрелинде өткөн. Адегенде ал октябрда өтүшү керек болчу, бирок Алиев добуш берүүнү бир нече айга кийинкиге жылдырган. Негизги оппозициялык партиялар шайлоого бойкот жарыялашкан. Алар Алиевди эркиндикти жок кылууга, авторитаризмге жана оппозицияны куугунтуктоого айыптап келишет.

Илхам Алиев президенттикке биринчи жолу 2003-жылы – өлкөнү 10 жыл башкарган атасы Гейдар Алиевдин дүйнөдөн кайтарына эки ай калганда шайланган. Алгач Илхам Алиев бир киши эки мөөнөт гана катары менен президент боло алат деген мыйзамды жокко чыгарган. Андан соң президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга чейин көбөйттү. Саясат таануучулар ал да өз ордун уулу Гейдар Алиевге өткөрүп берүүнү көздөп жатат деп эсептешет.

2020-жылдын февралында Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөн. Анда Илхам Алиев төрагалык кылган башкаруучу «Жаңы Азербайжан» партиясы жеңген. Азери оппозициясы бийлик шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганын, жарыяланган жыйынтыктар элдин эркин чагылдырбай турганын билдиришкен.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты