ИИМге шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча 158 арыз түштү

  • 2 года мурун

Кыргызстанда үгүт иштери башталгандан бери шайлоо эрежесин бузуу боюнча 158 факты катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалымдады.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, бул аралыкта 28 кылмыш жана 37 жорук, электрондук маалымат журналына 93 ар кандай билдирүүлөр катталган.

Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») боюнча 21 факты, 82-беренеси («Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу») боюнча эки факты, 200-беренеси («Уурдоо») боюнча эки факты, 355-беренеси («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») боюнча бир факты, 145-беренеси («Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу») боюнча бир факты, 266-беренеси («Ээнбаштык») боюнча бир факты тиркелди.

37 факты Жоруктар кодексинин 119-беренеси (“Майда бейбаштык”), 87-1-беренеси (“Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу”), 94-беренеси (“Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу”) жана 90-беренеси (“Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо”), 66-беренеси («Ден соолукка жеңил зыян келтирүү») боюнча катталган.

Мындан тышкары Ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 93 материал катталган. Анын ичинен 56ү номенклатуралык ишке чыгарылган. Сегиз факты боюнча материалдар башка сотко чейинки өндүрүш иштерине бириктирилип каралууда, ал эми 17 факты боюнча материалдар аймактык шайлоо комиссияларына караштуулугу боюнча изилдөө үчүн жиберилген. Ошондой эле 12 материал учурда каралууда.

Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, мессенжерлердеги, социалдык тармактардагы чагымчыл, жалган материалдарды таратуудан алыс болууга чакырат жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300гө жакын талапкер ат салышууда. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аралаш система менен өтүүчү шайлоодо парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты