ИИМдин кавалеристтик взводуна 35 жыл толду
- 1 год мурун
Бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милициянын кайгуул-күзөт кызматынын 5-батальонунун кавалеристтик взводунун түзүлгөнүнө 35 жыл толду.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бөлүк 1990-жылы ички иштер министрлигинин (ИИМ) буйругу менен түзүлгөн жана бүгүнкү күнгө чейин коомдук тартипти камсыздоо тутумунун маанилүү бир бөлүгү бойдон калууда.
Күн сайын Бишкек шаардык ИИББдин кавалеристтик взводу борбордогу сейил бактарды күзөтүп турушат, массалык иш-чараларда коопсуздукту камсыздашат жана укук бузууларды эскертүүгө жана жарандарга жардам көрсөтүүгө багытталган алдын алуу иштерин жүргүзүшөт.
Бүгүнкү күндө батальондо 23 милиция кызматкери кызмат өтөйт, 32 ат жана мал доктур адиси бар. Кавалеристтик взвод мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыздоого, анын ичинде мамлекеттик резиденциянын аймагын коргоого тартылат.
Сүрөт: ИИМ




