ИИМдин күзөт кызматы техникалык каражаттар көргөзмөсүнө катышты  

  • 1 год мурун

Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын  башчысы Каныбек Абдырахманов Росгвардиянын ведомстволук эмес коопсуздук боюнча илимий-изилдөө борборунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Күзөт  кызматынын өкүлдөрү жаңы техникалык каражаттар менен таанышуу, күзөт кызматында колдонулуп жаткан пульттарды интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү, зымсыз датчиктерди изилдөө максатында күзөт жана жабдуулардын техникалык каражаттары боюнча Securiti Moscow-2023 көргөзмөсүнө катышты.

Бул тууралуу ИИМдин күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмө 11-апрелинен 14-апрелге чейин Москва шаарында өттү. Иш-чарага күзөт жана өрт сигнализациялары, интеграцияланган коопсуздук системалары боюнча техникалык каражаттарды  (башкаруу системасы, видеобайкоо системалары, даректүү детекторлор, программалык
камсыздоо, борборлоштурулган байкоо пульттары жана коопсуздук системаларынын ар кандай мүнөздөгү датчиктерин) даярдаган алдыңкы завод-өндүрүүчүлөр катышты.

Мындан тышкары семинар өтүп, анда бирдиктүү базаны жана булут серверин түзүү, ошондой эле корголуучу стратегиялык объектилердин периметрдик сигнализациясы, өзгөчө жер астындагы кабелдер жана ачык мейкиндиктеги кабелдер боюнча маселелер талкууланды.

Сүрөт: ИИМдин күзөт кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты