ИИМдин Ички аскерлер кызматында коррупциялык схема аркылуу 34 млн сомго жакын акча уурдалганы аныкталды

  • 2 года мурун

Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматында туруктуу иштеп келген коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 миллион 946 миң 866 сом уурдалган.

Көрсөтүлгөн фактылар боюнча аскер прокуратурасы тарабынан Ички аскерлердин жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 209-беренеси (“Алдамчылык”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу”), 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) жана 348-беренеси (“Шалаакылык”) менен кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты