ИИМдин басма сөз кызматынын негиздөөчүсү Виктор Ярцев каза болду
- 1 месяц мурун
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын негиздөөчүсү Виктор Петрович Ярцев дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Виктор Ярцев 1952-жылдын 9-февралында Оренбург облусунун Ново-Никитино айылында туулган. Советтик Армияда кызмат өтөп, Казак мамлекеттик институтун аяктагандан кийин Кыргыз ССРинин басылмаларында иштеп, өзүнүн эмгегин журналистика тармагына арнаган. «Слово Кыргызстана» гезитиндеги «Очная ставка» рубрикасынын түзүлүшүнө негиз салган, ал жарандарга укуктук маселелер боюнча түшүндүрмө берүүдө жардам берип келген.
1984-жылы Виктор Петрович министрликтин коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттешүүсүнүн пайдубалын түптөп, ИИМдин басма сөз кызматынын биринчи кызматкери, андан кийин жетекчиси болду.
“Анын басма сөз кызматынын өнүгүшүнө жана кесипкөй журналистикага кошкон салымы баа жеткис. Биз Виктор Петровичти кесипкөй жана ишине берилген адам катары эскеребиз. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги жана өздүк курамы үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө калат” деп айтылат билдирүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы тараткан