ИИМ: Жасалма акча таратууга шектүү чет элдик жаран кармалды
- 1 неделя мурун
- Видео
Ички иштер министрлиги (ИИМ) жасалма акча жасап таратууга шектүү чет элдик кармалганын билдирди.
«ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында кылмышка шектүү катары чет өлкөлүк 2001-жылы туулган С.И. аттуу жаранды кармашты. Аталган факты боюнча ИИМдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси (акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду. Шек жаратып кармалган жарандан 362 900 АКШ доллары өлчөмүндө жасалма акча каражаты табылып, алынган. Аталган жаран шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилди” деп айтылат ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында.
Буга чейин бир нече жаран криптовалюта сатып алганы жатат деген маалыматтар таратылып, бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, алдамчылар жана жасалма акча менен төлөөгө аракет кылышат деген божомолдор болгону белгиленди.
Учурда кылмыштуу топтун калган катышуучуларын аныктоо жана кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы