ИИМ: Өзгөчө маанилүү, стратегиялык объектилерди коргоо камсыздалды   

  • 3 года мурун

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу эс алуу күндөрүндө ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыздоо максатында жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча бардык зарыл болгон чаралар көрүлүп жаткандыгын кабарлады.

ИИМдин басма сөз кызматыын билдирүүсү боюнча, өзгөчө маанилүү,  стратегиялык жана кайтарууга алынган тиричиликти камсыздоочу объектилерди коргоо камсыздалды..

Кайгуул милициясынын посттору майрамдык  иш-чаралар  өтө турган жайларга жакын жерлерге жайгаштырылды. 
Милициянын кезметтеринин, ыкчам-тергөө  топторунун күнү-түнү нөөмөтү уюштурулган.
Коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого көмөк көрсөтүү үчүн укук коргоо багытындагы коомдук түзүмдөр, ыктыярдуу элдик кошуундар тартылган.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы маалымдады.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.




Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты