ИИМ убактылуу кармоочу жайларда кыйноо жоюлганын билдирди

  • 4 месяца мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде камакта же убактылуу кармоочу жайларда кыйноолорго кабылган көрүнүштөр жоюлганын билдирди.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында милициянын нөөмөт бөлүмдөрүндө жана убактылуу кармоочу жайларда көзөмөлдөөчү камералар орнотулуп, коопсуздук системасы түзүлгөнү жазылган.

«Камакта отурган же убактылуу кармалып турган адамдар арасында жанын кыюу, өз ара мушташуу же кыйноолорго дуушар болуу сыяктуу терс көрүнүштөр жоюлду» деп айтылат билдирүүдө.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун буга чейин берген маалыматына караганда, 2022-жылы 82 жарандан кыйноо боюнча арыз түшкөн. Булардын ичинен 51 адам күч органдары кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартканын айтып даттанган. Эки арыз боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши дайындалса, сегиз иште кыйноо фактысы далилденбегени маалымдалган.

2022-жылы «Кыйноо» беренеси менен 12 адамга каршы козголгон төрт кылмыш ишинин экөө сотто каралууда.

Борбор билдиргендей, соңку беш жылда кыйноого кабылганын айтып кайрылгандар 1,5 эсе азайды. 2018-жылы бул көрсөткүч 34,2% болсо, 2022-жылы 20,6% болгон.

Кылмыш кодексинин 137-беренеси («Кыйноолор»), 138-беренеси («Уруп-сабап кыйноо») менен айыпталып, соттолгон адамдар үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

2014-жылдан 2022-жылга чейинки аралыкта Кыргызстанда бир да адам «Кыйноо» беренеси менен соттолгон эмес. Өлкөдө 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. Жаза аткаруу кызматынын соңку маалыматына караганда, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат.

Кыргызстанда кыйноого кабылгандардын көбү милициядан запкы жегенин айтса, калганы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн колунан азап чеккенин билдирген.

Быйылкы жылдагы кыйноо боюнча статистикалык маалыматтар чыга элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты