ИИМ: Тоодо тапанча атуу фактысына юридикалык баа берилет

  • 2 года мурун

Социалдык тармактарга тараган видеодогу тоо тарапта тапанча аткан кыздын тек-жайы такталды.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта тапанча аткан кыз 22 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну — Б. А. экендиги аныкталган. Травматикалык тапанча анын жанындагы борбор шаар тургуну 37 жаштагы  А. Ж. аттуу жарандыкы болуп чыккан. Бул факты боюнча тиешелүү экспертиза дайындалган.

Видео Бишкек-Ош жолунан алыс эмес жерде, “Чычкан” капчыгайында беш күн мурун тартылганы аныкталган. “Тапанчадан атууда жакшы көргөн” кызды видеого анын курбусу тартып, социалдык тармактарга тараткан.

Бул фактыга юридикалык баа берүү ъчън тиешелүү чаралар көрүлүп жатандыгы айтылды.

Буга чейин социалдык тармактарда 20-26 жаштардагы кыз тоо тарапта тапанча менен атып жаткан видео тараган.  Бул окуя соцтармак колдонуучуларынын талкуусуна алынып, айрымдар ички иштер министрлигине чара көрүү үчүн кайрылган.  

Бул факты Бишкек шаарынын Биринчи май районунда катталган. Ал факты боюнча ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы ыкчам-иш аракет жүргүзө баштаган.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты