ИИМ тапанча менен коркуткан киши боюнча иликтөө иши башталганын билдирди

  • 9 месяцев мурун

Социалдык тармактарда Некрасов көчөсүндө коомдук тартипти бузуп, кайым айтыш учурунда кайсы бир адамды тапанча менен коркутуп жаткан видео боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү таратты. Билдирүүдө аталган факты Бишкек шаарынын Ленин районунун ички ИИБнин маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганы айтылат.

«Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жана Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан борбор калаанын аймагында 1989-жылы туулган  Т.К. аттуу жаран кармалган.

Тиешелүү тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө ал өз ыктыяры менен милиция кызматкерлерине белгисиз маркадагы тапанчаны андан ары соттук-баллистикалык экспертиза дайындоо үчүн тапшырган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жаран И.С. жазуу жүзүндө арыз берүүдөн баш тартып, анын баш тартуусуна дооматы жок экендиги менен негиздеген.

Учурда тергөө иштери уланууда” деп айтылат Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.  

Инстрагамдагы black_list.kg баракчасына Бишкекте эки айдоочунун кайым айтышып жаткандагы видеосу жарыяланган. Видеодон айдоочулардын бири колунда тапанча көтөрүп жүргөнүн көрүүгө болот. Видеону тарткан аял бейтааныш адам жолдошун тапанча менен коркутуп жатканын айткан.

Баракчадагы маалыматка ылайык, окуя Бишкектеги Некрасов көчөсүндө 5-августтун таңында болгон. Тапанчачан адам айдоочуну “сүйлөшкөн кызымды коюп кете жаздадың” деп айыптаган.

“ПолитКлиника” медиасына өздүк булактар колуна тапанча көтөргөн адам “Манас эл аралык аэропорту” ишканасынын туунду компаниясы “ИНТЭКтин” директору Тилек Кадырбердиев экенин билдиришти.

Юстиция министрлигинин сайтынан дагы “ИНТЭКтин” жетекчиси Кадырбердиев Тилек Эркинбекович экенин көрүүгө болот.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты