ИИМ: Свердлов РИИБ кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыгы иликтенди. Окуядагы унаа кызматтык эмес болуп чыкты
- 1 год мурун
Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы Бишкек шаарында болгон жол-транспорттук кырсык боюнча кызматтык иликтөөнү аяктаганын билдирди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяда көрсөтүлгөн транспорттук каражат кызматтык унаа эмес экендиги аныкталды.
Бул кырсыктын жагдайын текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Замир Эргешов кызматынан бошотулду. Тергөө боюнча башчынын орун басары Адилет Абдрахмановго тартиптик жаза, (Кырсык болгон учурда ал негизги жетекчинин кыска мөөнөттүү өргүүсүнө байланыштуу РИИБ башчысынын милдетин аткарып жаткан) Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары Мыктыбек Болушевге эскертүү берилди.
Буга чейин ИИМдин маалыматына ылайык, аталган жол кырсыгынын фактысы расмий катталып, учурда Ички иликтөө кызматы тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылган.
Аталган жол кырсыгында унаа Бишкек шаарынын Октябрь райондук аскер комиссариатынын дарбазасын сүзгөн.
Сүрөт: ИИМ имараты




