ИИМ: Кызматтык унаанын катышуусундагы жол кырсыгы иликтенип жатат
- 12 месяцев мурун
Ички иштер министрлигинин кызматтык автоунаасы катышкан жол кырсыгы боюнча ЖМКларда жарыяланган маалыматтарга байланыштуу расмий билдирүү таратты.
ИИМдин маалыматына ылайык, аталган жол кырсыгынын фактысы расмий катталып, учурда Ички иликтөө кызматы тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүрүүдө. Окуянын бардык жагдайлары такталып, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматкерлердин аракеттерине укуктук баа берилмекчи.
Министрлик ачыктык жана айкындуулук принциптерин кармана турганын белгилеп, кошумча маалыматтар кийинчерээк берилерин билдирди.
Муну бөлүшүү




