ИИМ шайлоочунун беткабындагы белгинин шайлоого тиешеси жок экенин билдирди

  • 2 года мурун

Бишкектеги №1117 шайлоо тилкесине белгиси бар беткап менен келген адамдын добуш сатып алуу фактысына же башка шайлоо мыйзамын бузууга тиешеси жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.

“Окуя Октябрь районундагы №1117 шайлоо тилкесинде болгон. Анда бир аял жана эркек кишинин беткабында белги болгон. Бирок ал добуш сатып алуу фактысына же башка шайлоо мыйзамын бузууга тиешеси жок”, — деди Макилов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев Бишкектеги №1117 шайлоо округуна мөөр басылган беткап кийген адамдардын тобу келгенин жазып чыккан.

Султан Макилов аталган маалымат боюнча ички иштер башкармалыгы текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын, кошумча маалымат кийинчерээк берилерин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты