Шайлоого белгиси бар беткап менен келген адамдардын окуясын милиция текшерет

  • 2 года мурун

Шайлоо тилкесине белгиси бар беткап тагынып келген шайлоочулардын окуясын милиция текшерип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, добуш берүү башталгандан бери ички иштер органдарына мыйзам бузуу боюнча 15 билдирүү түшкөн.

“Бишкектеги шайлоочунун беткабы боюнча дагы маалымат түштү. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет”, — деди Макилов.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешев Бишкектеги №1117 шайлоо округуна мөөр басылган беткап кийген адамдардын тобу келгенин жазып чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты