Милдеттүү түрдө беткап тагынуу  саламаттык сактоо мекемелеринде жана коомдук транспортто гана колдонулат

  • 2 года мурун

12-марттан баштап өлкөдө ЖОЖдордо, орто мектептерде жана башка билим берүү уюмдары, соода борборлору, коомдук тамактануу жайлары, базар, музей, спорт клубдарында, китепканаларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу эрежесин жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.

Беткапты милдеттүү түрдө тагынуу эрежеси бир гана саламаттык сактоо мекемелеринде (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик) жана коомдук транспортто сакталат.

Жарандарга адамдар көп топтолгон жерлерде, базарларда, массалык иш-чараларга катышууда COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу максаттарында беткап тагынуу эрежесин ыктыярдуу түрдө сактоо сунушталат.

Калкты коронавируска каршы эмдөөнү кеңейтүү боюнча активдүү кампанияны улантуу тапшырылды.

12-мартка карата Кыргызстанда COVID-19дун 13 учуру катталды, бир бейтап каза тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты