Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринде беткап тагынуу режими жоюлду

  • 2 года мурун

2022-жылдын 4-мартынан тартып Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринде милдеттүү түрдө беткап тагынуу режими жоюлду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынын өткөрүп, анда жалпы билим берүү мекемелеринде беткап тагынуу режимин алып салуу чечими кабыл алынды.

Бул чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын турукташкандыгына байланыштуу кабыл алынды. Аталган чечим окуучуларга жана билим берүү мекемелеринин бардык кызматкерлерине тиешелүү.

Эскерте кетсек, өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 23 учуру катталып, экөө каза тапты. Бул коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны мурдагыга караганда бир кыйла азайып калгандыгын билдирет.     

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты