ИИМ: Салык кызматынын Өзгөн райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы опузалап пара алуу менен кармалды

  • 4 месяца мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын төртүнчү башкармалыгынын кызматкерлери салык чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларын ачышты.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча (опузалап пара алуу) кылмыш иши козголгон.

Алынган маалыматка ылайык, мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салык текшерүүсүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан акча талап кылган.

Салык кызматынын кызматкери пара катары 200 миң сом акча талап кылган.

Кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, 2023-жылдын 20-декабрында 200 миң сом суммасындагы акча алып жатканда мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы У.К. кармалган.  

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө күрмөнүн чөнтөгүнөн пара катары алынган акча  табылган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.   

ИИМ: Салык кызматынын Өзгөн райондук башкармалыгынын бөлүм башчысы опузалап пара алуу менен кармалды
Сүрөттөр: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты