ИИМ: Пара доолаган кайгуул кызматкери укук коргоо органдарынан кызматтан бошотулду

Жол эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочудан 1000 сом пара сураган кайгуул кызматкери укук коргоо органдарынан кызматтан бошотулду.

Бул тууралуу Ички иштер мирнистрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.   

Текшерүүнүн жүрүшүндѳ, социалдык тармакка тараган видеодо жол эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочудан 1000 сом пара доолаган кызматкер Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кенже инспектору Чыңгыз Курманбеков экендиги аныкталган. Чыңгыз Курманбеков кызматтан жана укук коргоо органдарынан иштөөдөн четтетилди.

Кайгуул кызматкеринин милдеттерине кѳзѳмѳлдү начар жүргүзгөндүгү үчүн Мирлан Жексимбеков кызматынан төмөндөтүлдү. Ал эми ротанын командири Кубат Тойгонбаевге катуу сөгүш берилди, командирдин орун басары Күмүшбек Молдобеков кызматтан төмөндөтүлдү.

2023-жылдын 1-мартында “Инстаграмм” социалдык тармагында “Safari today” аттуу колдонуучу видео тасма жарыялаган. Видео тасмада жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкери айдоочудан, жол эрежесин бузгандыгын айтып, жаза акы жазбоо үчүн миң сом бериши керектиги билдирген. Айдоочу техникалык талондун ичине акчага окшош нерсе салып, жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерине бергендиги, видео тасмага тартып жаткандыгы тууралуу айдоочу айтканда, жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкери “200 сомуңдун кереги жок, протокол  түзөм” деген сүйлөшүү болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндѳ, видео тасмада көрсөтүлгөн кызматкер Бишкек ички иштер башкармалыгынын кенже инспектору Чыңгыз Курманбеков экендиги аныкталган. Чыңгыз Курманбеков укук коргоо органдарынан кызматтан бошотулду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты