ИИМ: Ошто коңшу өлкөлөрдөн аткезчилик менен алынып келинген спирт ичимдиктери аныкталды  

Ош шаарындагы жеке менчик үйлөрдүн биринде Тажикстандан жана Өзбекстандан аткезчилик жол менен алынып келинген алкоголдук ичимдиктерди сактап жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалымдады.  

Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде жасалма алкоголдук ичимдиктер мыйзамсыз чыгарылып, Ош, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун базарларына жакын кампаларга түшүрүлүп тургандыгы милицияга кабарланган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси «Спирт жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон.

Ош шаарында эки жаран турак жайды жана имаратты ижарага алып, жасалма спирт ичимдиктерин, анын ичинде ар кандай үлгүдөгү коньяк жана арак жасагандыгы жана даяр продукциялар ар кайсы дүкөндөргө жеткирилип, сатылып жаткандыгы аныкталган.

27-октябрда милиция шектүүлөрдүн жашаган жана иштеген жерлерине тинтүү жүргүзүшкөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө, бир нече текшерилген даректер боюнча ири өлчөмдөгү аткезчилик менен даярдалган арак табылган.

Тинтүү учурунда 1613,95 литр спирт кошулган продукция алынган: 889 литр спирт, 724,95 литр арак жана коньяк алынган. Сатууга даяр болгон 1390дан ашык ар кандай бөтөлкөдөгү алкоголдук ичимдиктер, 24 кутудагы 100 граммдык (860 дөн ашык) бөтөлкө, андан тышкары 780дан ашык жасалма акциздик марка, арак бөтөлкөлөрүнүн 10 200дөн ашык капкактары алынды.

Алкоголдук ичимдиктерди даярдоо максатында спирт аткезчилик жол менен коңшу өлкөлөрдөн алынып келинген. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Алынган бардык алкоголдук продукциялар үй шартында жасалган жана соттун чечими менен жок кылынат.

Кылмышка шектүү Ош шаарынын тургуну 1969-жылы туулган К.Г. жана Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 1988-жылы туулган Т.А. кармалган.

Андан ары тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты