ИИМ: Ошто 100 миң сом опузалагандар кармалды

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ош шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда коркутуп, опузалоо менен алектенген адамдардын тобу кармалды.

Ушул жылдын март айынын башында белгисиз адамдар Кара-Суу районунун жашоочусуна телефон чалып, жубайы менен кат жазышкан деген шылтоо менен (жубайы эмес) коркутуп, 100 миң сом акча талап кыла башташкан.

Коркутуулар адам чыдагыс болуп калганда, жаран милицияга кайрылган.

Топтолгон материалдардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде каралган кылмыштын белгилери, опузалоо боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын

Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө опузалагандар талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алууга макул болгону аныкталды.

Акча которуу Ош шаарынын аймагында жүргүзүлүп, талап кылынган сумманын бөлүгүн алган учурда шектелген адамдардын тобу кармалган.

Кармалгандардын арасында 1999-жылы туулган М.Р., 1998-жылы туулган Ж.А., 1997-жылы туулган А.А. жана 1996-жылы туулган Ж.Ш. болгон, алардын баары Ноокат районунун тургундары экендиги аныкталган.

Кармалган 1999-жылы туулган М.Р. буга чейин «адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган, андан тышкары башка мамлекеттин аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Сүрөттөр: ИИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты